Бир суткада коменданттык сааттын талаптарын 114 киши бузуп, 5 автоунаа айып короого токтотулду

21 апрель 2020 10:28 861 Barometr
Бөлүшүү:
ok

21-апрелге карата Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 114 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайга токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.  Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 91,

Жалал-Абад шаары боюнча – 3,

Ош шаары боюнча-6,

Нарын шаары-8,

Ат-Башы району боюнча -5,

Сузак району боюнча-1.

Ал эми, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3084 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalpy-lk-boyuncha-114-zharan-zhetkirilip-5-avtounaa-atajyn-zhajlarga-toktotuldu



Добавить комментарий