Жалал-Абаддагы нефтебазада чыккан өрттөн жабыркаган жарандын абалы оор

11 май 2019 13:05 7238 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абаддагы нефтебазада өрт чыгып, адамдар жабыркады. Алардын биринин абалы оор. Бул тууралуу облустук клиникалык ооруканадан билдиришти.

Маалым болгондой, өрттөн жабыркаган эки адам ооруканага кайрылган. Алардын бири – өрт өчүрүүчү.  Анын бети жана моюну жеңил жабыркаган жана амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми 24 жаштагы экинчи жабырлануучунун денесинин 50 пайызы күйгөн. Учурда анын абалы туруктуу оор экенин жана жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткандыгын дарыгерлер билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abaddagy-neftebazada-chykkan-rttn-zhabyrkagan-zharandyn-abaly-oor



Добавить комментарий