Жалал-Абадда өрттөн бир адам көз жумду
Жалал-Абад шаарынын 60 жаштагы тургуну өрт кырсыгынан каза болду. Бул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кечээ 27-февралы күнү Жалал-Абад боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, шаардын Г.Базарбаев көчөсүнүн тургуну кулпуланып калган турак үй ичинде калып кеткени тууралуу кабар келген.
Куткаруучулар ыкчам жетип барышып, эшикти ачканда кулпуланып калды делген 1959-жылы туулган С.В.К. турак үй ээсинин жансыз денесин табышкан. Ал өрттөн жабыркап каза болгон. Маркумдун жансыз денесин укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон адамдын өлүмүнүн себеби, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
КР ӨКМ адам өмүрлөрүн жана күнүмдүк турмушта турак-жайларды өрттөн сактоо үчүн өрт коопсуздук эрежелерин аткарууну эскертет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-rttn-bir-adam-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×