Жалал-Абадда ооруканадан өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланууда

13 март 2023 13:18 712 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда ооруканадан өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланууда. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Алдын ала маалымат боюнча, Аксы районунун, Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Жерине өрттү өчүрүүгө Аксы райондук №70 ӨКБдан 3 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барууда.  

Учурда эвакуация иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет”, -деп жазылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-oorukanadan-rt-chygyp-bejtaptar-evakuaciyalanuuda



Добавить комментарий