Жалал-Абадда иш үстүндөгү милиция кызматкерин сүзүп, айдоочу качып кеткен
Жалал-Абад облусунда айдоочу милиция кызматкерин сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-сентябрда түнкү саат 11.30 чамасында болгон.
"Сузак районунун көчөлөрүндө өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда 31 жаштагы А.Э. аттуу милиция кызматкерин Деу Нубира үлсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден из жашырган. Кырсыктан жабыркаган кызматкер Сузак райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми ыкчам тергөө тобунун иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 22 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалган соң айдоочу 2 айга камакка алынды. Ошондой эле айдоочунун унааны башкарып бара жаткан учурда ичимдик ичпегени аныкталды. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө катуу ылдамдыкта баратып кокустан сүзүп алганын, коркуп кеткендиктен качып кеткен."-деп жазылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-ish-stndg-miliciya-kyzmatkerin-szp-ajdoochu-kachyp-ketken
Добавить комментарий ×