Жалал-Абадда бычактан жаракат алган журналисттин окуясы боюнча кылмыш иши козголду
Бөлүшүү:
Жалал-Абадда бычактан жаракат алган журналисттин окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Белгилүү болгондой жруналист Санрабия Сатыбалдиевага 9-ноябрда эртең менен үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө бычак сайган. Жабырлануучу ооркуанага барууга мажбур болгон.
Ал интернеттеги ютуб каналында журналисттик ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Ал ортодо жабырлануучу журналист жеке баракчасы аркылуу милицияга арыз жазуудан баш тарткандыгы тууралуу билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу) негизинде кылмыш иши козголду.
Добавить комментарий ×