Бычакталган журналист эмне үчүн арыз жазуудан баш тарткандыгынын себебин айтты

10 ноябрь 2018 16:00 3877 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда бычакталган журналист Санрабия Сатыбалдиева милицияга арыз жазуудан баш тарткандыгы тууралуу облусттук ИИБден маалымдашкан эле. Эми журналист эмне себептен арыз жазбай тургандыгын Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу коомчулукка айтты. Жабырлануучунун айтымында кесилген жарааты жеңил, ошондой эле эгер милиция кылмышкерди таппаса, кайра өзүнө иш козголоорун айтышкан. Ошол себептен арыз жазуудан баш тарткандыгын белгиледи. 

"Алгач, эки күндөн бери мени ойлоп, жүрөгү ооруган жакшылар баарыңыздарга рахмат! 

Эми, кечээги окуя боюнча: мен үйүмдөн чыгып, дүкөнгө бара жаткан жеримден бейтааныш эркек атымды айтып чакырды. Ортодо эки мүнөттүк сүйлөшүү болду. Ал учурда менден кандайдыр бир документтерди сурап, жөн жүрүүмдү жана бул акыркы эскертүүсү экенин билдирди. Кийин сол колума учтуу нерсени сайып жиберди, канды көргөндө канды токтотуунун аракетин көрдүм. Каның куюлуп, жаның менен болуп турганда милиция эсиме келбегени чын! Ошону үчүн аларга чалбадым. Ооруканага барып, колумду тиктиргенден кийин 102ге кабар беришти. Мага чабылган кишинин шрамы гана эсимде.

Арыз жазуудан баш тартканымдын себеби: окуядан кийин түнкү 9 жарымга чейин тергөө жүрдү. Ал учурда мен болгон окуяны ар бир кызматкерге өзгөртүүсүз айтып берип жаттым. Бирок, жыйынтыгында милиция кызматкерлери, менин көрсөтмөм эки башка чыгып жатканын жана үйүмдөн далил буюмдарды таба алышпаганын, наиыйжада менин өзүмдөн күмөн санап жатышканын кайра эле менин кесиптештериме айтып беришиптир. Деген менен, тергөөчүлөр үйүмдөн кан болгон салфетканы алышкан! Подъездден кан таппаганын айтышууда. Менин жараатым жеңил, бирок бары бир денем кесилди! Кан шорголоп, суу болуп агышы шарт эместир эле?! ! Алган жарааттын өзү далил эмеспи? Же эмне тигинин сайган нерсесин же изин алып калыш керек белем? Ал ортодо, тергөөчүлөр мен сүрөттөп берген инсанды таба алышпаса кайра мага иш козголорун билдиришти! Мындай вариант менен сөзсүз түрдө алар кылмышкерди таппашы анык. Кол салганды тапкандын ордуна мени күнөөлөп коюшканы аларга пайда эмеспи! Ошондуктан, милицияга ишенип, өзүмө жүк ашыргандын ордуна арыздан баш тарттым!

Өзүм издеген чындыктын акыры ушул болду, милиция издеген чындык чыгаарына шегим бар!!! Эки күн түйшүккө салганым үчүн тартип сакчыларынан кечирим сурайм!"

Эске салсак, Жалал-Абадда ютуб каналы аркылуу иштеп жаткан Санрабия Сатыбалдиеваны белгисиз адамдар "Жөн жүрбөй калдыңбы?"-деп үйүнүн жанынан 9-ноябрда колуна бычак сайып кетишкен. 


Ссылка: https://barometr.kg/bychaktalgan-zhurnalist-emne-chn-aryz-zhazuudan-bash-tartkandygynyn-sebebin-ajtty



Добавить комментарий