Жалал-Абадда 1 жаштагы кызын аёсуз сабап, муунткан энеге кылмыш иши козголду (Видео)

11 июнь 2020 12:15 16324 6 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 9-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну Х.Н. ажырашып кеткен жолдошу — Өзбекстан Республикасынын 1992-жылы туулган О.А. аттуу жараны менен уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп жатып урушуп кетишкен. Келин жолдошуна ачууланып жатканда жанындагы кызы ыйлаган. Ачууланган эне наристенин кийимин алмаштырып жатып, «Сенин атаң сага акча салбайт. Мен сен үчүн тилемчи болуп бүттүм» деп тилдеп, чаап, мойнунан кармап муунтуп, бул кылыгын видеого тартып, Россияда жашап жаткан кыздын атасына WhatsApp аркылуу жиберген.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 143-беренеси (Кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, териштирүү жана тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-1-zhaktagy-kyzyn-ayosuz-sabap-muuntkan-enege-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий