Жалал-Абад шаарынын 34 жаштагы тургуну үч айдан бери дайынсыз деп изделүүдө
Жалал-Абад шаарынын 34 жаштагы Каипбердиев Эркин аттуу тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылынын тургуну 1987-жылы туулган Каипбердиев Эркин 2020-жылдын 20-декабрь күнү саат 14:00 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделүүдө.
“Учурда Каипбердиев Эркиндин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 170-175 см, өңү ак-сары жүздүү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында күрөң шапка, үстүндө кара куртка болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Каипбердиев Эркин Нуралиевич тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.
Дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жүргөн жерин билгендер болсо байланыш үчүн телефон номерлер: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79 23 63, 0773 00 08 02.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-shaarynyn-34-zhashtagy-turgunu-ch-ajdan-beri-dajynsyz-dep-izdeld
Добавить комментарий ×