Жакырчылык адамдын генин өзгөртүп жибере турганы аныкталды

9 апрель 2019 14:58 1806 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жакырчылыктын адамдын генине болгон таасирин окумуштуулар изилдеп чыгышты. Жакырчылык адамдын 10 пайыздан ашык геномун өзгөртүп жиберет экен. Бул тууралуу  МедикФорум кабарлады.  

Кедейсилик кандайдыр бир даражада организмге жана ден соолукка таасир бере турганына окумуштуулар буга чейин дагы күмөн санашкан эмес.   

Буга дейре жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу кедейчиликтен улам ден соолук начар болорун, адам жүрөк-кан тамыр ооруларына, жугуштуу ооруларга, рак менен диабетке кабыларын аныкташкан. 

Бул ирет АКШнын Түндүк батыш университетинин окумуштуулары төмөнкү социалдык статус адамдын генине таасир берип, анын 10 пайыздан ашык генин өзгөртүп жиберет деген бүтүмгө келишти. Изилдөөнүн жыйынтыгы American Journal of Physical Anthropology журналына жарыяланды.

Антропология илимдеринин професстору Томас МакДейд жакырчылыктын гени иммундук системада, сөөктөргө жана нерв системасына таасир бере турганын айтты.

Бул багыттагы иликтөөлөр дагы да уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhakyrchylyk-adamdyn-genin-zgrtp-zhibere-turgany-anyktaldy



Добавить комментарий