Жакшы жаңылык! Кыргызстандан Россияга түз туруктуу каттамдар көбөйөт

8 февраль 2021 16:27 1001 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 9-февралдан тарта Кыргызстандан  Россияга түз учкан туруктуу каттамдар көбөйөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түз учкан туруктуу каттамдардын жыштыгын жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү чечими Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан кабыл алынды.

Кыргызстандын жарандары Бишкектен Москвага төмөндөгү авиакомпаниялар аркылуу учуп кете алышат:

 «Авиа Траффик Компани» - шаршемби, жума жана жекшемби.

«Аэрофлот - Россия аба жолдору» - шейшемби, жума жана жекшемби. 

Россия Федерациясынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары коронавируска карата терс ПЧР (ПЦР) анализин алышы керек, Россия Федерациясына киргенге чейин 3 күндөн (72 саат) эрте эмес.

Мындан тышкары, «Аэрофлот», “S7” жана «Урал аба жолдору” авиакомпаниялары Россиянын жарандары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн тактап айтканда ата-энелери, балдары, жубайы Россия жараны болсо,  жашап турууга уруксаты бар жарандар,  дарыланууга муктаж адамдар, Россиянын медициналык мекемесинен чакыруусу бар адамдар, мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары үчүн чартердик каттамдар аткарылууда.

Учууга негиздердин бар экендигин авиакомпаниянын өкүлдөрү билет сатып алып жатканда жана учакка отургузууда текшерүүдөн өткөрүшөт.

Учактын бортуна жүргүнчүлөрдү кабыл алуу боюнча бардык чечимдерди аэропорттун кызматкерлери эмес, авиакомпаниялардын өкүлдөрү кабыл алышат.

“Манас” эл аралык аэропорту”  авиабилеттерди сатпайт, авиабилеттердин бааларын белгилебейт жана жөнгө салбайт. Ошондой эле, алар авиакомпаниялар менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы финансылык мамилелерге катышпайт", - деп айтылат билдирүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/zhakshy-zhaylyk-kyrgyzstandan-rossiyaga-tz-turuktuu-kattamdar-kbjt



Добавить комментарий