Жайыл районунда жергиликтүү тургундун үйүнүн терезесин аткылап кетишти
Жайыл районунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун терезесине ок аткан. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
11-октябрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 35 жаштагы жергиликтүү тургуну кайрылган. Ал 9-октябрда болжол менен саат 03:30да белгисиз курал менен анын терезесине ок аткан адамдарга чара көрүүнүн сурап арыз жазган.
Бул окуядан улам анын үй-бүлө мүчөлөрү коркуп жатышат.
Аталган факты Жайыл ОИБинин кылмыштарды жана жоруктарды каттоо реестрине Кылмыш кодексинин 266-беренеси-бейбаштык боюнча катталды.
Сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhajyl-rajonunda-zhergilikt-turgundun-jnn-terezesin-atkylap-ketishti
Добавить комментарий ×