Жайыл районунда милиция кызматкерлери жугуштуу илдетти алдын алууну улантууда

29 апрель 2020 14:26 679 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жайыл районунда милиция кызматкерлери жугуштуу илдеттин алдын алуу иштерин улантышууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Мындай жугуштуу илдетти жайылтпоо максатында Чүй облусунда милиция кызматы жана башка тиешелүү мамлекеттик кызматтар өз жумуштарын жогорку деңгээлде алып барышууда. Жарандар арасында алдын-алуу иштерин жүргүзүүдө ИИОнун кызматкерлеринин салымы чоң экендиги талашсыз. Чүй облусундагы Жайыл районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга инфекциянын жайылуусуна жол бербөө үчүн тазалыкты сактап, антисептикалык каражаттарды колдонуу зарылдыгын айтышууда. 

Аба ырайы жылып баштаган учурда коомдук жайларга чыгууну каалагандар көбөйгөнү анык. Андыктан милиция кызматкерлери көчөдөгү жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактап, дарыгерлердин кеңештерин аткарууга чакырышууда. Иш-чара учурунда кызматкерлер тарабынан жугуштуу илдетти алдын алуу эрежелери жазылган баракчалар таркатылууда. Милиция кызматкерлери дарыгерлер жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү биргеликте  санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Мындай иш-аракеттердин максаты өлкөбүздө коронавирус илдетин жайылтпоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар экенин учурда жергиликтүү тургундар да баалашып, талаптарга туура түшүнүү менен мамиле кылышууда. 

Андыктан, Чүй облусунун ИИББы, жарандарды зарылчылык жок болсо коомдук жайларга убактылуу чыкпай турууга чакырып, тазалыкты сактап, ооруну алдын алуу эрежелерин аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhajyl-rajonunda-miliciya-kyzmatkerleri-zhugushtuu-ildetti-aldyn-aluu-ishterin-ulantyshuuda



Добавить комментарий