Өзгөндө машина зым карагайды сүзүп, жети киши каза болду

3 февраль 2020 09:55 991 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы болуп, жети киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кырсык ДСУ аймагында катталып, Lexus ES300 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четинде турган зым карагайды сүзүп, машина күйүп кеткен.

 Анын кесепетинен жети киши каза болду, учурда алардын аты-жөнү такталып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-mashina-zym-karagajdy-szp-zheti-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий