Өзгөндө эки “Хонда Одиссей” кагышып, 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алышты
Бөлүшүү:
Ош облусунун Өзгөн районунда эки унаа кагышып, төрт адам ар түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Окуя 26-декабрь күнү саат 12:52де Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында болгон. “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки аял киши жана эки эркек киши жабыркаган.
Жабыркагандарды жолдо бараткан унаалар Мырзаке айылдык ооруканасына алып кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-eki-honda-odissej-kagyshyp-4-adam-ar-trd-zharakattardy-alyshty
Добавить комментарий ×