Өзгөндө атасы өз кызын үч ирет зордуктап, кыз кесерово жолу менен көз жарган

13 май 2019 17:53 9771 14 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөн райондук соту 46 жаштагы Маджидге (аты өзгөртүлдү,М.М.М.) тагылган кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды.

Маджид 2018-жылдын июль айында, болжол менен саат 01:00дө Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында күч колдонуп, 9-класстагы окуучу кызды зордуктаган жана кыздын боюна бүтүп калган.

Айыпкер Маджиддин айтуусунда жабырлануучу кыз анын өзүнүн кызы. Аялы 2013-жылы оорудан каза болгон. Экөөнүн ортосунда 4 уулу жана 1 кызы болгон. 2015-жылы кайрадан үйлөнүп, бир жылдан соң ажырашып кетишкен. Ошол күнү ал аял менен жыныстык катышууну каалап, кызынын бөлмөсүнө адашып кирип алган жана каршылык көрсөткөнүнө карабастан эки ирет зордуктаган. Кызынын боюна бүтүп калгандыгын билген эмес.

Соттун токтомунда кыз кесерово жолу менен төрөп, бирок баладан баш тарткандыгы тууралуу айтылат. Кыз азыр кризистик борбордо жашап жатат жана эч ким менен сүйлөшпөйт. Аны сот залына дагы алып келе алышкан эмес.

Окуучу кыздын айтуусунда атасы аны өзүнүн бөлмөсүнө жетелеп кирип, диванга жаткызган. Сыйлап-сыйпоо менен анын кийимдерин чечиндирип, анан зордуктап салган. Ал эсин жоготуп койгон, атасы болсо ал түнү дагы үч ирет зордуктаган.  

Сот абийирсиз атага карата 12 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасын берди.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-atasy-z-kyzyn-ch-iret-zorduktap-kyz-keserovo-zholu-menen-kz-zhargan



Добавить комментарий