Милиция Бишкекте тартип бузгандарды аныктоо иштерин улантууда
Учурда Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери “Коронавирус” илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө, алдын алуу максатында “Өзгөчө абал” тартиби киргизилген Бишкек шаарынын аймагында санитардык-карантиндик блокпосттордо жана ички филтрациондук посттордо күнү-түнү кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
“Өзгөчө абал” тартиби киргизилген аймакта жарандардын жана унаалардын кыймылынын себептерин текшерүү жүргүзүү менен бирге жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүшүүдө, ошондой эле кызматкерлер тарабынын тамак-аш, медициналык коргонуучу каражаттар, кийим-кече ж.б. күнүмдүк колдонулуучу товарларды, жарандарыбыз муктаж болгон жүктөрдү ташып жаткан унаалардын кыймылын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздап көзөмөлгө алышууда.
“Өзгөчө абал” тартиби киргизилгенден бери милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочуларга, унааны спирт ичимдигин ичип алып башкарган, тиешелүү документтери жок башкарган, алдыңкы жана маңдайкы терезелерин караңгылатып алып башкарган үчүн бузуулар тууралуу протоколдор түзүү уланууда.
Ошондой эле, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери 102 ыкчам чара көрүү борборуна келип түшкөн кайрылуулар тейлөө иштерин улантып, коомдук коопсуздукту сактабаган, “Өзгөчө абал” тартибин бузган жарандарды аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирүү жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zgch-abal-tartibi-uchurunda-kajguul-kyzmaty-kn-tn-itd
Добавить комментарий ×