Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

18 декабрь 2018 11:34 973 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн 18-декабрда Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, өкмөт башчы Өзбекстандын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн келген. 

Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда, Ош шаарында өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyn-premer-ministri-abdulla-aripov-kyrgyzstanga-keldi



Добавить комментарий