Өзбекстанда балдар үйүнүн жетекчиси кыздарды чиновниктер менен сексуалдык катнашка барууга мажбурлаган

3 апрель 2023 12:33 1366 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда балдар үйүнүн жетекчиси жашы жете элек кыздарды аткаминерлер менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Бул тууралуу Rodrobno.uz сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Басылманын маалыматы боюнча, он ай бою (2021-жылдын майынан 2022-жылдын февраль айына чейин) үй-бүлөлүк балдар үйүнүн башчысы үч тарбиялануучуну аткаминерлер менен интимдик мамиледе болууга мажбурлаган. 

Бул максаттар үчүн ал 15, 16 жана 17 жаштагы үч өспүрүм кызды тандап алган.   

«Кардарлардын» арасында областтык юстиция башкармасынын начальниги да болгон. Ал балдар үйүнө иштен чыгарылган принтер берип, кайра сексуалдык ырахат алуу үчүн кыз берүүнү суранган.    

Жетекчи 16 жаштагы тарбиялануучуну мажбурлап, аны шантаж кылып эркек менен мамиле түзүүгө аргасыз кылган. Ал кыздын инисин аёсуз сабап ыплап жолго барууга макул кылган.    
Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруу үчүн облустук юстиция башкармалыгынын башчысы өзүнүн кызматкерлери үчүн кызматтык турак жай катары бөлүнгөн батирди пайдаланган.     

Кийинчерээк бул батирге 15 жана 17 жаштагы дагы эки кыз бир нече жолу келишкен.    

Ошондой эле, балдар үйүнө кайрымдуулук кылганы үчүн жана жетекчинин жеке маселелерин чечип берген райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы да кыз берүүнү суранган. Директор ошол эле окуучуларды аны менен да жыныстык катнашка барууга мажбурлаган.      

 
 
 
 
 

Портал белгилегендей, чиновник балдар үйүнө тамак-аш менен жардам берүүдөн тышкары, жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барганы үчүн жетекчиге 200 миң өзбек сумун төлөп берген.        
Кыздар менен жакындык балдар үйүндөгү уктоочу бөлмөдө болгон.       

Ушул жана башка фактылар былтыр сентябрда болгон соттук териштирүүдө айтылган.          

 
 
 
 
 
 
 

Соттун чечими менен балдар үйүнүн жетекчиси 5,5 жылга эркинен ажыратылды.         

 Жашы жетпегендер менен интимдик мамиледе болгон кызмат адамдары эки берененин негизинде 1,5 жылга эркиндигинен ажыратылган: "Он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашка баруу" жана "Он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы адам менен жыныстык катнашка баруу" беренелери менен соттолду.          

2022-жылдын декабрында апелляциялык сот өкүмдү күчүндө калтырган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Үргөнч шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын зордуктаган аткаминерлердин жазасы жеңил болгонун моюнга алды.              


Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-aldar-jnn-zhetekchisi-zhashy-zhete-elek-kyzdardy-cho-kyzmattagy-adamdarga



Добавить комментарий