Мирзиёев Рахмонду чек арадагы чырды тынч жолу менен басууга чакырды
Бөлүшүү:
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин расмий сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, өлкө башчылары бүгүн, 30-апрелде телефон аркылуу сүйлөшкөн. Мамлекет башчылары тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал тууралуу талкуулашканы кабарланды.
Өзбекстандын президенти тажик-кыргыз чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды эртерээк жөнгө салууга жана анын курчушунун алдын алууга багытталган макулдашууларды колдой тургандыгын билдирген.
Мирзиёев бардык маселелерди достук, коңшулук жана өнөктөштүк багытта чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.
Добавить комментарий ×