Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белекке берди
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында өзбек тарап 20 тез жардам унаасын белекке берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 12-мартта, Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты.
Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.
"Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты.
Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstan-kyrgyzstanga-20-tez-zhardam-belekke-berdi
Добавить комментарий ×