Забайкальеде мас адам бир жаштагы баласын башка уруп, ымыркай каза болду

11 декабрь 2020 10:05 865 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Забайкалье аймагында мас абалдагы адам бир жаштагы ымыркайды муштуму менен башына чапкан, бала көп өтпөй алган жаракатынан улам көз жумган. Бул тууралуу LIFE сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуя, 9-декабрда Чита районунун Ильинка айылында болгон. Тергөөчүлөр 40 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашкан.

Тергөө алдындагы текшерүүнүн жүрүшүндө, экспертиза каза болгон ымыркайдын башынан жаракат алгандыгын аныктады.  Ага карата "Жашы жете элек кызды өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ссылка: https://barometr.kg/zabajkalede-mas-adam-bir-zhashtagy-balasyn-bashka-urup-ymyrkaj-kaza-boldu



Добавить комментарий