Кордайдагы жаңжалдан Кыргызстанга келген тургундар кайтып жатышат

12 февраль 2020 11:13 497 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан жана Казакстан Омбудсмендери Кордай районундагы абалды талкуулашты. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын маалымат кызматы билдирди. 

Акыйкатчы Токон Мамытов менен Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова телефон аркылуу сүйлөшүп, Кордай районунун Масанчи айылындагы адам өмүрүн алган кайгылуу чыр-чатак талкууга алынды. Атап айтканда, Кыргызстанга убактылуу баш калкалоого келип, кайрадан мекенине кайтып жаткан адамдардын маселелери талкууланды.

Акыйкатчы учурда Казакстандан келген жарандар Токмок шаарынын жана Ысык-Ата районунун калктуу конуштарындагы тургундардын үйлөрүнө жайгаштырылганы, жергиликтүү бийлик органдары жана КР Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын ыкчам аракеттеринен улам аларга тиешелүү кам көрүлдү. Ошондой эле КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү да кол кабыш кылышты. Казакстандан келген адамдарга өз убагында зарыл болгон гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүлдү.

"Мындан сырткары КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жана коомдук башталыштагы жардамчылары жана кеңешчилерин кошо алганда болуп жаткан процесстерге мониторинг жүргүзүп жатышат. Кыргызстандын Омбудсмени менен Казакстан Омбудсменинин аппараттарынын өкүлдөрүнүн биргелешкен аракеттери туруктуу негизде жүрүп турат. Кордай районунда өзгөчө кырдаал киргизилгенинен жана Казакстан бийлиги тарабынан абалды көзөмөлдөөсүнөн улам абал турукташып, Казакстандын жарандары мекенине кайтып баштады", - деп маалымдады Мамытов.  

Кыргызстандын Акыйкатчысы өзүнүн Казакстандагы кесиптешине Кыргызстан калкынын ассамблеясынын кезексиз отуруму болгонун, анын жүрүшүндө учурда өлкөбүздө турушкан Казакстандын жарандарына андан ары гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери талкууланганын кабарлады.

Өз кезегинде, Эльвира Азимова эки мамлекеттин мамлекеттик түзүмдөрүнүн, айрыкча Чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлеринин жана милиция кызматкерлеринин ырааттуу иштерин белгилеп, Кыргызстандын жарандарына жана бийлигине Казакстан жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/z-jlrn-kajtyp-zhatyshat



Добавить комментарий