Өзү иштеген жерден унаа уурдап качкан жаран кармалды

12 ноябрь 2018 10:10 773 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзү иштеген жерден унаа уурдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн 12-ноябрда шаардык милициядан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, 6-ноябрда Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну унаасын унаа жуучу жайдан уурдаткандыгы боюнча арыз жазган. 

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары мурда соттолгон 26 жаштагы М.у.А. аттуу жаранды кармашкан. Ал буга чейин Бишкектеги унаа жуучу жайларда иштеп келгендиги жана мурда соттолгондугу тастыкталды. Учурда кылмышка шектүү убактылуу жайга камалып, иликтөө жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/z-ishtegen-zherden-unaa-uurdap-kachkan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий