Ысык-Көлгө кудага бара жаткан жүргүнчүлөр кырсыкка кабылды

10 июль 2019 09:40 1155 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аталган областтын жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу башкармалыгынан кабарлашты.

9-июлда болжол менен саат 16:45те Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 1965-жылы туулган М.К., айдап бара жаткан микро автобус ала салып кеткен. Унаада 15 адам болгон.

Алар Ноокат районунан Түп районуна кудага бара жатышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда айдоочу уктап кеткени айтылууда.

Кырсыктан улам эки аял жабыр тартып ооруканага кайрылып, алгачкы медициналык жардам алышты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-klg-kudaga-bara-zhatkan-zhrgnchlr-kyrsykka-kabyldy



Добавить комментарий