Ысык-Көлдөгү пансионатта тапанча көтөрүп жүргөн киши кармалды
Ысык-Көл областындагы Бает айылында жайгашкан пансионаттардын биринде милиция кызматкерлери 49 жаштагы эркек кишини кармашты, анын жанынан курал табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
“4-июлда ыкчам иликтөөчүлөргө пансионаттардын биринде 45-50 жаштардагы эркек мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жарандын өздүгү такталды, ал Чүй областынын Лебединовка айылынын жашоочусу Л.Х., экени аныкталды. Аны тинтүүгө алганда жанынан «Тульский Токарев» тапанчасы алты огу менен табылды”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldg-pansionatta-tapancha-ktrp-zhrgn-kishi-karmaldy
Добавить комментарий ×