Ысык-Көлдөгү муунтулуп өлтүрүлгөн өспүрүм боюнча кылмыш иши козголду

4 октябрь 2018 10:20 1690 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чолпон-Атада көл жээгинде 9 жаштагы баланын муунтулуп өлтүрүлгөн денеси табылган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнен билдиришти.

Маалым болгондой, соттук-медициналык экспертиза баланын муунтуп өлтүрүлгөнүн аныктаган. Бала картошка салына турчу   мүшөк менен муунтулган. Кылмыш иши “адам өлтүрүү” фактысы боюнча ачылды.

Эске салсак, 1-октябрда Чолпон-Атадагы  көлдун жээгинде 9 жаштагы баланын денеси табылган. Бала аутизм менен жабыркаганы айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldg-muuntulup-ltrlgn-sprm-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий