Ысык-Көлдөгү лагерде эркек киши эки адамды атып, аялды туткундап кетти

5 июль 2019 11:38 2552 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областындагы «Хан-Тенири» лагеринде адам өлүмү менен аяктаган окуя болду. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган маалматка таянсак, 4-июлда болжол менен саат 12:20да Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Энгилчек аймагында белгисиз адам «Хан-Тенири» лагеринин башчысынын орун басары 48 жаштагы А.Д.ны атканы тууралуу чек ара кошуунунан маалымат келип түшкөн.

Аталган кабар боюнча окуя болгон жерге барган укук коргоо органдары лагерде күзөтчү болуп иштеген 29 жаштагы, Түп айылынын жашоочусу С.Сергей ашканага кирип келип «Вепрь» куралы менен башчынын орун басарын көкүрөк тушка атканын аныкташты. Андан соң 31 жаштагы Каракол шаарынын тургуну, ошол жерде жумушчу болуп иштеген М.К.ны ичке аткан.

Эки адам алган жаракатынан улам көз жумушту.

 

С.Сергей аталган окуядан кийин Каракол шаарынын 48 жаштагы тургуну Л.И.ни (аял киши) туткунга алып качып кеткен.

Учурда иликтөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldg-lagerde-erkek-kishi-eki-adamdy-atyp-ayaldy-tutkundap-ketti



Добавить комментарий