Ысык-Көл менен Жалал-Абадда лицензиясы жок сатылган жүздөгөн арак табылды
Бөлүшүү:
Салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы менен биргеликте рейд жүргүзүп, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында алкоголдук продукцияны ишкердикке тийиштүү лицензиясы жок сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринде ар кандай ассортименттеги 800 бөтөлкө спирт ичимдиги, ал эми Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 101 бөтөлкө табылып тартып алынды.
Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдү.
Добавить комментарий ×