Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу тобтун мүчөсү баңги зат менен кармалды

15 сентябрь 2022 11:00 816 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуутобунун мүчөсү баңги заты менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

 Буга чейин, милицияга Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү мыйзамсыз баңги затын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшөт.

"Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдооберенеси менен кылмыш иши козголот.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныктоого жетише алышат
Ал, 26 жаштагыЧолпон-Ата шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, КР ИИМдын ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган Э.Э. болуп чыгат.

 Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринде мыйзамсыз баңги затын сактап жүргөн жаранды токтотушупмыйзамдуу тинтүү иштерин жүргүзгөндө, андан жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылып алынат.

Соттук-химиялык экспертизанын жайынтыгыбоюнча алынган далил зат, гашиш баңги заттынтүрүнө таандык экени жана анын таза салмагы 3,006 граммды түзөрү аныкталды.

Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүүкатары кармалган жаранга тергөө мезгилинде камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-uyushkan-kylmyshtuutobunun-mchs-bagi-zaty-menen-karmaldy



Добавить комментарий