Ысык-Көлдө мыйзамыз колдонулган 15 ок атуучу курал табылды

18 июнь 2021 13:03 969 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 курал-жарак алынды. Издөөдө жүргүөн кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

“Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн курал-жарактарды, ок-дармектерди, жарылуучу заттарды жана каражаттарды алуу максатында, ошондой эле жарандык кызматтык жана күжүрмөн куралдар менен байланышкан укук бузулардын алдын алуу үчүн «Арсенал» аталышындагы операция болуп өткөн.

Он күндүк операциянын жүрүшүндө, лицензиялык-уруксат берүү кызматы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү менен бирдикте 3 миӊден ашык ок атуучу куралдын ээлери текшерилди. Текшерүү учурунда, ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин мөөнөттөрүн бузуунун 47 учуру аныкталып, Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүп, жалпы 15 миӊ сом өлчөмдө айып пул салынды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 бирдик, анын ичинен 2 сайлуу ок атуучу курал-жарак алынып, алардын ар кандай кылмыштарга колдонулганын, же колдонулбагандыгын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды”- деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, башка кылмыштардын бетин ачууга да өзгөчө көнүл бурулуп, 28 кылмыштын бетин ачылды. Издөөдө жүргөн кылмышка шектүү 2 адам кармалды жана баӊги кылмышы менен байланышкан 11 факты ашкерленди.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-myjzamyz-koldonulgan-15-ok-atuuchu-kural-tabyldy



Добавить комментарий