Ысык-Көлдө “Лексус ES 300” менен “БМВ Х7” унаасы кагышып, үч жигит каза тапты
Ысык-Көл областында болгон жол кырсыгынан 3 адам каза тапты. Бул тууралуу аталган областтын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Авария 7-июлда саат 04:35те Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 82-чакырымында, Бактуу-Долоноту айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
Чүй областынын Арашан айылынын 1996-жылы туулган тургуну Х.Э., досу 1994-жылы туулган Т.Т.нын «БМВ Х7» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткан. Батыш тарапка бара жаткан унаа 1995-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну Б.Н., айдап бара жаткан «Лексус ES 300» унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен «Лексус ES 300» унаасынын айдоочусу, андан тышкар 1995-жылы туулган дагы эки жүргүнчү жигит каза тапты. Мындан тышкары бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди.
«БМВ Х7» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жабыркаган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-leksus-es-300-menen-bmv-h7-unaasy-kagyshyp-ch-zhigit-kaza-tapty
Добавить комментарий ×