Ысык-Көлдө "Лагуна Сити" пансионатында коттедждер өртөндү. Видео
Бүгүн, 25 июлда, саат алтыда, алдын ала маалымат боюнча, Ысык-Көл районундагы Кожояр айылында жайгашкан "Лагуна Сити" пансионатында коттеджден өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Мындан сырткары жерине ИИМ, медициналык тез жардам кызматы тартылган.
Өрт саат 20:51де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Өрттүн кесепетинен алдын ала маалыматтарга ылайык, 3 эркек адам 2-даражада күйүк алып, Ананьево айылындагы ооруканага жеткирилген. Кошумча маалымат берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-laguna-siti-pansionatynda-kottedzhden-rt-chykkan-video
Добавить комментарий ×