Ысык-Көлдө кийим саткан базардан өрт чыкты
Ысык-Көлдө кийим-кечек саткан базардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, өрт кырсыгы бүгүн, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында болду.
"Каракол шаарындагы "Актилек +" базарында контейнер күйүп жатканы тууралуу 101 өрт-куткаруу кызматына кабарланган.
Кырсык катталган жерге Каракол шаардык N15 Өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 7:55те чектөөгө алынып, азыркы учурда жеринде өчүрүү иштери жүрүүдө.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ал эми, контейнердин ичинде кийим-кече товарлары болгон. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда. Толук маалымат тактоо иштеринин жыйынтыгы менен берилет", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kijim-satkan-bazardan-rt-chykty
Добавить комментарий ×