Ысык-Көлдө дарыгерлер оорулууларды көрбөй эле көчө шыпырып жүрүшөбү?

26 март 2019 10:55 1218 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө дарыгерлер ар бир ишемби сайын ишембилик кылып жатышат жана анын отчетун талап кылышууда. Бул тууралуу Фейсбук социалдык түйүнүндөгү “KG врачтар – Кыргызстандын саламаттыкты сактоо коомчулугунун кызматкерлери” тобунун колдонуучусу билдирген. 

“Ар бир ишембиде ишембиликке чыгып жатабыз. Эми ошол жасаган иштерибизди таблица түрүндө отчёт бергиле дейт. Кайсы жерге чыктык? Канча киши чыкты? Эмне жумуш жасалды ? Канча сомдук жумуш жасалды? канча саат иштедик? Канча тонна же болбосо кг таштанды чыгардык? Бекер иштегенибиз аз келгенсип эми отчёт беребизби? Бул эмне шылдыңдообу? Ушунун кереги бар бы? Ысык-Көл Обл ЦСМ сурап жатат.

Ансыз да, акимат, айыл өкмөт келип текшерип кетет. Иштеп жатканда. Кабинеттеринде отуруп алып эле маалымат сурап отурат, биз айылда пациенттерден кол бошобойт”,-деп жазды атын жашырган дарыгер.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-darygerler-ooruluulardy-krbj-ele-kch-shypyryp-zhrshb



Добавить комментарий