Кыргызстанда жазгы ишенбиликтер башталды
14-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын өздүк курамы тескеме өтүлгөн соң, административдик имараттын жанындагы аймактарды жана министрликтин ички короосун көрктөндүрүү жана жашылдандырууга өтүшүп, бир нече сааттын ичинде кышында топтолгон таштандыларды тазалашып, ирээтке келтиришти. Бул тууралалуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Катардагы милиция кызматкерлери менен кошо ишембиликке кызматтардын, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары дагы чыгышты. Андан соң министрликтин ичин дагы ирээтке келтирип, тазалап, актап, көрктөндүрүүнү колго алышты.
Кыргызстанда 1-марттан 31-мартка чейин шаарларды, калк жайгашкан пунктарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялангандыгын эске салабыз. Бул чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhazgy-ishenbilikter-bashtaldy
Добавить комментарий ×