Ысык-Көлдө дагы бир кыргыздын спортчу уулу чөгүп каза болду

29 июль 2018 02:45 2609 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө дагы бир кыргыздын чыгаан уулу чөгүп каза болду. Бул туурасында Turmush басылмасына Кыргызстандын Дзюдо боюнча федерациясы маалыматты туура деп тастыктаган. Берилген маалыматтарга караганда окуя кечээ, 27-июлда Бостеридеги «Айкөл» пансионатына жакын аймакта болгон. Маркум достору менен эс алып жүрүп, сууга пирстен секирип кирген. Андан көп узабай буту тырышып жатканын кыйкырып айтууга жетишип, ошол бойдон сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар аны суудан алып чыгып, жардам көрсөткөнү  менен жыйынтык чыккан эмес. 

Сталбек уулу Нурсултан 1993-жылы Чүй облусунда төрөлгөн. Ал Кыргызстандын чемпиону аталып, эл аралык мелдештерге да катышып келген. Ден соолугуна байланыштуу акыркы убактарда спорттон алыстап, ички иштер органдарында эмгектенип жаткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-dagy-bir-kyrgyzdyn-sportchu-uulu-chgp-kaza-boldu



Добавить комментарий