Ысык-Көл ОИИБ: "Балыкчыда тапанча менен атып кеткен чыр кылмыштуу топтордун өз ара жаңжалы эмес"
Балыкчы шаарынын тургунун тапанча менен жүрөк тушка атып кеткен жаңжал кылмыштуу топтордун өз ара жанжалы деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Шектүү менен жабырлануучунун ортосундагы чыр үй-бүлөлүк маселелерден улам келип чыккан. "Бул уюшкан кылмыштуу топтордун өз ара жаңжалы" деген кептер чындыкка дал келбейт деп билдирди басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, жабырлануучу учурда Балыкчы шаардык ооруканасында дарыланып жатат.
"2-январь күнү саат 20:50 чамасында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө травматикалык куралдан жаракат алган 36 жаштагы жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу шаардык ооруканадан маалымат келип түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуянын күбөлөрүн суракка алганда ошол күнү жабырлануучу Нарын-Шоссе көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде Жоомарт аттуу адам менен жолуккандыгы аныкталган. Экөө чырдаша кетип, Жоомарт аттуу адам жабырлануучуну белгисиз маркадагы травматикалык тапанча менен жүрөк тушка атып, качып кеткен. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда далил катары "45 RUBBER" үлгүсүндөгү травматикалык тапанчанын гильзасы табылган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында Ж.Ж аттуу Балыкчы шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Учурда шектүү изделүүдө", - деди облусттук басма сөз кызматы.
Добавить комментарий ×