Ысык-Көл ОИИБ: "Баланы өлтүрө сабаган окуя боюнча анын апасы тосмо арыз жазды деген маалымат туура эмес"

26 декабрь 2018 17:11 1878 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бир жарым жаштагы баланы өлтүрө сабаган окуя боюнча анын апасы тосмо арыз жазды деген маалымат туура эмес деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы. 

Ооруканада чарчап калган наристенин таежеси шектүү катары камалып, эки айга камакка алынган. Сот чечим чыгарса сизого которула турганы белгилүү болду. 

Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 23-декабрда болжол менен саат 12:00 чамасында  2 жаштагы наристе денесиндеги ар түрдүү жаракаттары менен ооруканага келип түшкөн. Кийин ал жандандыруу бөлүмүндө жатып чарчап калган. Баланын апасы 21 жашта, ал жолдошу менен ажырашып, Орусиянын Москва шаарына иштөө үчүн 12-декабрда кеткен. Ал эми баласын бир тууган эжесине таштаган. Шектүү катары кармалган наристенин таежеси алгачкы көрсөтмөдө баланы шымына сийип койгондугу үчүн  сабаганын айткан. Баланы таяк менен сабап, бир-эки жолу жолу чаап, төшөккө ороп жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин баланын абалы начарлаганын байкап ооруканага алып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oiib-balany-ltr-sabagan-okuya-boyuncha-anyn-apasy-tosmo-aryz-zhazdy-degen-maalymat-tuura-emes



Добавить комментарий