Ысык-Көл облусунун аймагында бир күндүн ичинде 23 килограммга жакын баӊги заты табылды

26 июнь 2018 20:30 929 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok


«Көмүскөдөгү жай» операциясынын алкагында Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан алдын ала түшкөн маалыматты текшерүү учурунда мыйзамсыз баӊги затын сактоого шектелип Бишкек шаарынын 46 жаштагы тургуну А. Жоомарт кармалган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Берилген маалыматка ылайык, өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүгү табылып алынып, экспертиза көрсөткөндөй жалпы салмагы 800 граммды түзгөн өсүмдүк марихуана баӊги затына тиешелүү экенин табышкан.  Аталган факты боюнча КР КЖКнын 246 беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө иштери уланууда.

Ошол эле күнү, Түп РИИБдин кызматкерлери Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын кызматкерлери менен бирдикте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында талаада баӊги затын даярдап жаткан жеринен Орто-Өрүктү айылынын 48 жаштагы тургуну М. Калык колго түшүрүлгөн. Анын колундагы капты кароо жүргүзү мезгилинде, ичинен 22 килограммдан ашык марихуана баӊги заты табылган. 

Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган адам райондук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди. 


Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusunun-ajmagynda-bir-kndn-ichinde-23-kilogrammga-zhakyn-bagi-zaty-tabyldy



Добавить комментарий