Ысык-Атада каналдан 35 жаштагы эркектин жансыз денеси табылды
Бөлүшүү:
Чүйдө, Новпокровка айылындагы каналдан 35 жаштагы эркектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 22-мартта Ысык-Ата районунда саат 11:04 чамасында Новопокровка айылында каналда 30-35 жаштагы азият улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин №27 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-kanaldan-35-zhashtagy-erkektin-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×