Видео. Ысык-Атада ит жаш кызга кол салды
Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрь күнү кечки саат 18:30 чамаларында Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында Азият пародасындагы Алабай ити көчөдөгү эс алып жүрүүчүлөргө карай кол салган. Ал эми көчөдөгү балдар чуркап качып кетүүгө жетишишсе, 3 жана 19 жаштагы эки кыз качууга үлгүрбөй калышкан.
Алабай 3 жаштагы кызга кол салып аны тытмалаган, кыздын эжеси колунан тартып араңдан ажыратып калган. Ал эми иттин ээси жабыркаган кыздар менен ооруканага барууга баш тарткан. Ошондой эле бул жерде иттин эч кандай күнөөсү жок экендигин айтып, арыз жазылса деле эч жыйынтык чыкпастыгын айткан. Ал ушул убакка чейин эч кандай кечирим сураган эмес.
Ал эми жабыр тарткан 19 жаштагы Рашиада бул окуя боюнча Ысык-Ата РИИБде арыз менен кайрылган. Бирок алар бул жерде кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жок экендигин айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-it-zhash-kyzga-kol-saldy
Добавить комментарий ×