Нарын шаарында миңге жакын жолбун ит атылды. Сүрөт

8 январь 2020 09:33 2158 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын декабрь айында Нарын шаарында ит-мышыктан жугуучу оорулардын (кутурма, эхиноккоз) тарап кетишинин алдын алуу максатында жолбун иттер атылды.

Жолбун иттерди жок кылуу иштерин "Таза Нарын" муниципалдык ишканасы мергенчилик чарба менен чогуу өткөрүп, алардын сөөгү "Карга-Жайлоо" таштанды төгүүчү жайга көмүлдү.

Жыйынтыгында жалпысынан 720 жолбун ит жок кылынды. Анын ичинде 35 мышык жана сегиз чөө бар.

 Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын райондук башкармалыгынын маалыматына ылайык, жолбун иттерди жок кылуу кыш айларында жүргүзүлөт. Себеби, ушул мезгилде күн суук болгонуна байланыштуу ит мышыктан жуугучу оорулар эч кайда тарабайт.

Ссылка: https://barometr.kg/naryn-shaarynda-mige-zhakyn-zholbun-it-atyldy-srt



Добавить комментарий