Ысык-Атада ички коопсуздук аскер кызматына таандык болгон атайын техника табылды
Бөлүшүү:
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматына таандык болгон атайын техника Ысык-Ата районунун Чолпон айылынан табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 13-октябрда болжол менен саат 09:30 чамаларында Ысык-Ата районунун ИИБдүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан Ысык-Ата районунун Чолпон айылынан ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматына таандык болгон атайын техника табылган.
Милициянын аймактык тескөөчүсү 13-октябрда атайын техника талаадагы элге көрүнбөгөн жерге катылган жерден көрүп калган. Милиция кызматкерлери буга чейин бул жерлерди караганда эч кандай техника болгон эмес. Учурда атайын техника тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди
Добавить комментарий ×