Ысык-Атада аял түлөөдөн кийин түрмөдөн чыгып келген бир тууганын муунтуп өлтүрдү

1 июль 2021 10:57 1252 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында 39 жаштагы жергиликтүү тургун бир аз мурда абак жайдан бошонуп келген бир тууганын муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

“30-июнда милицияга Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.Окуя болгон жерге барган топ каза тапкан адамдын өздүгүн аныктады. 36 жаштагы жергиликтүү тургун күч колдонулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болду”,-деп айтылат маалыматта.

Киши өлтүрүүгө шектүү делип анын бир тууган эжеси кармалды. Аялды суракка алышкандан кийин иниси 29-июнда колониядан бошоп келгенин айтты.

“Бошогондон кийин иниси анын үйүнө келген. Туугандары болуп түлөө өткөрүшкөн. Анын эртеси аял иниси мнеен уруша кетип муунуп салган”,-деп айтылат милиция берген маалыматта.

Шектүү аял убактылуу кармоочу жайга камалды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-ayal-tldn-kijin-trmdn-chygyp-kelgen-bir-tuuganyn-muuntup-ltrd



Добавить комментарий