Ырчы Жан Воиновдун жубайы Зарина Алмасова көз жарды
Ырчы Жан Воиновдун жубайы Зарина Алмасова көз жарды. Бул тууралуу алар өздөрү интернет баракчаларында тастыкташты. Жубайлар кыздуу болушту.
Маалыматка ылайык, Алмасова 4-апрель күнү жолдошун кыздуу кылган. Бул тууралуу Жан кызынын төрөлгөн күнүн гана айтып көпчүлүккө сүйүнчүлөсө, Зарина:
“Биз атаң экөөбүз сени күткөнбүз. Воинова Алиша Жан 04.04.2019”, -деп билдирип, кийинчерек куттуктоолор, жакшы каалоо-тилектерге ыраазычылыгын билдирди.
Көпчүлүк кичинекей Алишанын өмүрү узун болушун каалап, жакшы тилектерин айтышууда.
Эске салсак, Жан Воинов менен Зарина Алмасованын заманбап үйлөнүү тою 10-октябрда Бишкекте болуп өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-zhan-voinovdun-zhubajy-zarina-almasova-kz-zhardy
Добавить комментарий ×