Ырчы Урмат Усеновдун туулган күнүнүн урматына жаңы клип чыкты

11 февраль 2019 13:53 2566 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн 11-февраль ырчы Урмат Усеновдун туулган күнү. Бул тууралуу ырчы өзүнүн инстаграм баракчасына жаңы клиптин анонсу менен  бөлүшүп кабарлады.

Ырчы клиптин үзүндүсүн жүктөп:

"11-февраль Урмат Усеновдун туулган күнунө карата жаңы клип "Комузчу"", -деп баяндама жазып койду.

Жылдыздуу түгөйлөр Урмат менен Неля элдик "Комузчу" ырына клип тартып жаңылап ырдап чыгышты.

Буга чейин дал ушул эле ырды мурдагы "Нон Стоп" тобу да жаңылап ырдап чыгышкан эле. Урмат Усенов менен Неля чыныы "кыргызча стилде" клип тартышкынын айтышууда.

Ырчынын сахналаш достору, кесиптештери жана күйөрмандары ар тараптуу куттуктоо, каалоо-тилектерин жамгырдай жаадырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-urmat-usenovdun-tuulgan-knnn-urmatyna-zhay-klip-chykty



Добавить комментарий