Ырчы Урмат Усенов жаштарга таарынып шайлоого баруудан баш тартты (видео)

27 август 2020 10:39 5598 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы, Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Урмат Усенов шайлоого барбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ырчынын соц тармактагы баракчасына берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Ага ылайык, ырчыга ишеним артып, колдоо көрсөткөн жакындарына жана күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катары эле «Мекеним Кыргызстан» паритиясы маданий масалелерди мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, өнүгүүгө шарт түзүп бере алат деген ишеним менен чакырганына ырахматын айтты.

“Шайлоого катышпоо тууралуу чечимимди кабыл алдым. Шайлоо тууралуу сүйлөшүүлөр 2019-жылдын күз айларынан бери эле уланып келүүдө. Анда азыркы партиялар үчүн саясий бет кап катары колдонулуп жаткан жаштар биригип, бирге барабыз дегенбиз. Ал ойлорубуз ишке ашкан жок. Парламенттеги 120 орунтуктун жарымын билими жогору, жалындуу жаштар менен толтурабыз деп ойлогонбуз. Эми мен эч кимге, эч нерсени кур сөз менен далилдегим келбейт. Убагы келгенде айтылып жаткан сындарга кылган ишим менен жооп берем”, -деди Урмат Усенов.

Маданият өкүлдөрүнө кайрылып, мындан кийин дагы алардын укугун коргоп, таламын талашарын айтты.



Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-urmat-usenov-zhashtarga-taarynyp-shajloogo-baruudan-bash-tartty-video



Добавить комментарий