Ырчы Роза Рымбаевага Киевде "Жылдын адамы" наамы ыйгарылды

25 март 2019 17:43 1047 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева “Жылдын адамы” наамы менен сыйланды. Бул маалымат менен ырчы айым өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасы аркылуу да бөлүштү.

Маданият жана искусствонун өкүлдөрүнүн ортосундагы бул эл аралык сыйлыкты тапшыруу аземи Киев шаарында болуп өттү. Бул наамга эгедер болуу үчүн бир катар белгилүү инсандар ат салышкан.

Бул премиянын 23-жолу тапшырылып жатат.

Ал эми Роза Рымбаева өзү:

“Менин чыгармачылыгымды сыйлаган, уккан, окуган инсандар бар экендигине жана Киевке келгендигиме бактылуумун. Дагы көп көп жолу келем деп ишенем”, -деген оюн билдирип Украинада чыгармачылыгын колдогондорго ыраазычылыгын айтты.

Роза Куанышевна Украинадагы күйөрмандарына бат-баттан келээрин, чыгармачылыгы менен кубандырып тураарын жана “Жылдын адамы” наамын татыктуу алып жүрөөрүн баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-roza-rymbaevaga-kievde-zhyldyn-adamy-naamy-yjgaryldy



Добавить комментарий