Ырчы Нуркыз Кожонова: "Тандырга нан жаап баарын күйгүзүп алып кошунага берип салгам"

10 апрель 2019 12:32 2116 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Нуркыз Кожонова өзүнүн балалыгындагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Бул тууралуу  ырчы өзүнүн интернеттеги баракчасына жазды.

Нуркыз Кожонова ата-энеси тууралуу кеп кылганча:

“Булар менин шефтерим. Менин атам жана апам. Алладан кийин эле жакшы көргөн инсандарым. Аман болуңуздар ар-дайым. Мен негизи атамдын кызымын. Алтыным атам мени аяп жашоодо ушул кызымын көңүлү ооруп калбасын дейби, эч каттуу айтпайт. Мени кичинекей кыздай эле көрөт, даңкыйып чоңоюп калсам деле. Апам болсо тескерисинче “ай кыз ай" дегенде атам болушуп коёт эле. Негизи тентегиреек элем. Бирок жумушка кетээрде апам мага эмне жумуш дайындаса ошонун баарын жасап коёт элем эптеп-септеп. Тамактын түрүн апамдын таягынан эле жасачумун, эсимде 6-класста тандырга нан жабам деп баарын түшүрүп күйгүзүп алган элем. Олтуруп алып каттуу ыйлагам, үйдө эч ким жок болгондуктан күйгөн нандын баарын чогултуп кошуна женеме берип келгем, итинизге нан алып келдим, жедирип коюнуз ээ деп. Кайда жашырарымды билбей. Ошентип апамдар келгенче кайрадан камыр жууруп апам үйгө келгенде калптан камырды ачый элек окшойт демиш болгом. Ошентип кутулгам, көрсө ошол учурдагы акылым ошончолук экенда”, -деп кызыктуу окуясын айтып берди.

Көпчүлүк ырчынын ата-апасы тууралуу сөзүнөн да балалыгындагы тентектигин окуп маанайы көтөрүлуп калышты.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-nurkyz-kozhonova-tandyrga-nan-zhaap-baaryn-kjgzp-alyp-koshunaga-berip-salgam



Добавить комментарий